Эвакуация 16-февралда Иокогама портунда жүргүзүлдү.

Алар буга чейин «Даймон принц» круиз лайнеринде коронавирус жугузган болушу ыктымал деген шек менен кармалып турушкан.

Эвакуацияланган адамдар атайын жабдылган автобустарда аларды АКШга жеткирүүчү атайын учакка отуруп, мекенине кетишет. Эми алар дагы бир карантинге түшүп, америкалык дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада дарыланууга аргасыз болушат.

Эвакуация лайнердин бортунда ооруга чалдыккандар көбөйүп жаткан учурга туш келди. Теплоходдо үч миңден ашуун киши кала берүүдө. Алардын миңден ашууну моряктар менен кызматкерлер.

Кытайдын өзүндө вирустан 1 700дөн ашуун адам көз жумду. Он миңден ашууну айыгып чыкканы кабарланды. Ооруну 70,5 миң киши жугузуп алган.

Кытайдан тышкары 25 мамлекетте ооруну жугузгандар аныкталды. Түштүк Кореяда ага чалдыккандардын саны 30 адамдан ашты.

Булак: Баракелде