Кытайдын Ухань шаарынын ооруканаларында иштеген дарыгерлердин коронавирустан коргонуу үчүн өзгөчө бет кап тагынып жүргөнүү белгилүү.
Кытайдын Ухань шаарынын ооруканаларында иштеген дарыгерлердин коронавирустан коргонуу үчүн өзгөчө бет кап тагынып жүргөнүү белгилүү. Бул беткаптарды чечкенден кийин, врачтардын жабыркаган жүздөрү социалдык тармактарга жарыяланган.
Кытайдын өзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 60 миңден ашып, 1400гө жакын киши жашоо менен кош айтышты. Ошол эле кезде ооруну жугузган 5500 киши сакайып кеткени кабарланууда.
Ооруканаларда дарыгерлер коргоочу кийим кийип, оор бет кап, көз айнек тагынууга аргасыз. Алардын тынымсыз иштеп жатканы айтылат. Сүрөттө көрүнүп тургандай, узак убакытка чейин бет кап тагынуудан врачтардын жүзүндө тилик, тактар калган.

Булак: elgezit.kg