Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан Жамбыл облусунда 7-8-февраль күндөрү болгон баш аламандыктан жабыркаган адамдардын саны такталып жатат.

Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан Жамбыл облусунда 7-8-февраль күндөрү болгон баш аламандыктан жабыркаган адамдардын саны такталып жатат.

Россиянын «РИА Новости» бамылмасынын маалыматы боюнча, 185 адам жабыркаган. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 170тен ашык адам жаракат алганын маалымдаган болчу.

7-февралда Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланган. Анын кесепетинен 10 адам каза болду. Жаңжал учурунда турак үйлөр, унаалар жана дүкөндөр өрттөлдү. Окуядан кийин бир нече адам камакка алынды.

Масанчи айылы Кыргызстанга чектеш жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат. Баш аламандык учурунда Кыргызстандын аймагына өткөн жарандар 1-2 күндөн кийин кайра кайтышкан. Расмий маалымат боюнча, чек арадан 4 миңдей адам өткөн.

Булак: Баракелде