Коронавирустун жаңы түрүн (2019-nCoV) жердин калкынын үчтөн эки бөлүгү жуктуруп алышы мүмкүн.

Мындай пикирин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңешчиси, биостатист жана эпидемиолог Ира Лонджини билдирди.

«Bloomberg» басылмасы билдиргендей, адистер Кытайда оорунун таралуу динамикасына байкоо жүргүзүшкөн.

Ира Лонджини Кытайдын бийлиги карантин киргизгенче чейин вирус чет өлкөлөргө жайылган деген жыйынтыкка келген. «Карантин оорунун таралашын жайлатышы мүмкүн. Бирок бийлик күчүнө киргенге чейин вирустун Кытайда жана чет жактарда жайылышына мүмкүнчүлүк болду», - деди Лонгини.

Автордун айтымына караганда, экспресс-тесттердин жоктугу коронавирустун таралышына байкоо жүргүзүүнү кыйындатат. «Ошондуктан изоляция менен карантин абалдан чыгуу эмес», - деди ал.

13-февралда бир суткада «COVID-2019» вирусунун кесепетинен 14 миң 840 жаңы учур катталганы маалымдалган. Учурда ооруканада 33 миң бейтап бар болсо, 3441 адам ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 1310 адамга жетти.

Булак: Баракелде