Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 116

Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну коронавирусту үй-бүлөөсүнө жуктуруп албоо үчүн өз өмүрүнө кол салды.

Бул тууралуу «Daily Mail» басылмасы жазды.

Бала Кришна (Bala Krishna) аттуу фермер телефон аркылуу коронавирус жөнүндө видеолорду көп көрүп баштаган. Бир күнү ал жөтөлүп жатканын байкайт. Бир нече күндөн кийин вирус жуктурдум деген диагноз коюп, ооруканага кайрылган. Ал жерден вирусттук лихорадка (дене табынын көтөрүлүшү) экенин билдиришкен.

Маалыматтарга ылайык, Индияда вирус жуктурган 3 учур гана катталган. Бирок анын бири дагы Анхра-Прадеш штатында болгон эмес. Дарыгерлер ал коронавирус жуктурбаганын айтышканда ишенбей койгон.

9-февралда Кришна үй-бүлөөсүн андан алыс жүрүүнү эскерткен. Ага жакын келгендерге таш ыргытып, жанына эч кимди жолоткон эмес. Ал эми 11-февралда жакындарын үйүнө камап, апасынын мүрзөсүнө барып, өз өмүрүнө кол салган.

Маркумдун баласы убагында көңүл бөлүнбөгөн үчүн мыйдай окуя болгонун билдирди.

Булак: Баракелде