Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 99

14-15-февралда Украина президенти Владимир Зеленский коопсуздук боюнча 56-ирет өтүп жаткан Мюнхен конференциясына катышуу үчүн Германияга иш сапарын жасайт.

Бул тууралуу украиналык өлкө башчынын пресс-кызматы билдирди.

Конференциянын алкагында Зеленский Украина боюнча баяндама жасап, андан соң башка мамлекеттердин башчылары менен эки тараптуу жолугары күтүлүүдө.

Мюнхен конференциясы – жыл сайын дүйнө боюнча саясий лидерлерди чогулткан эл аралык талкуу ордосу болуп саналат. Конференция 1963-жылы НАТОго мүчө өлкөлөрдүн форуму катары түзүлгөн. 1998-жылдан бери Германия тарабынан каржыланып келет.

2019-жылы конференцияга 500дөй делегат катышкан. Дүйнөнүн коопсуздук маселеси талкуулануучу конференция быйыл 14-16-февраль аралыгында өтөт.

Булак: Маралфм