Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 147

Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирусту жуктургандардын санынын кескин өсүшүнө диагностиканын жаңы ыкмасы себеп болгон. Б

ул тууралуу гигиена жана саламаттыкты сактоо аймактык комитеттен билдиргенин «РИА новости» басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, бейтаптардын көбүнүн диагнозу такталган. Буга жаңы жуккан учурларда топтолгон статистиканын жардамы тийген. Эми ооруканага түшкөн бейтаптардын диагнозу дагы жаңы классификация боюнча аныкталып жатат.

Бүгүн, 13-февралда бир суткада «COVID-2019» вирусунун кесепетинен 14 миң 840 жаңы учур катталганы маалымдалган. Учурда ооруканада 33 миң бейтап бар болсо, 3441 ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 1310 адамга жетти.

9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл.

Булак: Баракелде