Кытай өлкөсүнүн Ухань шаарына коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2600 медициналык кызматкер жөнөтүлдү.

Бул тууралуу «РИА новости» басылмасы билдирди.

Бул чечимди Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь чыгарган. Уханга кургактагы, деңиздеги, абадагы жана башка аскердик бөлүктөн кошумча күч барат. Ошондой эле жаңы барган дарыгерлер Тунцзи ооруканасынын базасындагы «Хошэньшань» бейтапканасында жана Гунгу районунда жайгашкан эне жана баланын ден соолугун коргоо ооруканасында бейтаптарды дарылоону уюштуруу менен алек болот. Биринчи ооруканага 860, ал эми экинчи ооруканага 700 орунду жайгаштыруу пландалып жатат.

Кытайдын бийлиги 2019-жылдын декабрь айынын аягында Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус жайылганын маалымдаган. Адистер алдын ала 2019-nCoV вирусу пайда болгонун аныкташкан. Акыркы маалыматтарга караганда, Хубэй провинциясында 48,2 миң адамга вирус жуккан. Ал эми ооруканадан 3441 адам чыгарылса, 1310 адам каза болгон.

Булак: Баракелде