Коронавирустан каза болгондордун саны 1 113кө жетти.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.

Жазылган маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алгандардын саны 44 600 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 113 адам каза болду. Ооруканадан 4 740 адам дарыланып чыккан.

Сутка ичинде 2015 адам вирусту жаңы жуктуруп алган. 871 адамдын абалы оор деп жазылат маалыматта.


Булак: super.kg