Түркиянын Стамбул шаарында учкучу эс-учун жоготкон учак аэропортко конду.

«Pegasus» авиакомпаниясынын учагы Вена шаарынан учуп чыккан.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, учкуч конорго жакын эс-учун жоготкон. Экинчи учкуч өзгөчө кырдаал тууралуу тиешелүү кызматтарга билдирип, учакты өз алдынча кондурган. Учак жерге конгондон кийин учкучту тез жардам кызматы алып кеткен. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Буга чейин 5-февралда «Pegasus» авиакомпаниясынын дагы бир учагы Стамбулдагы аэропортко конуп жатканда учуу-конуу тилкесинен чыгып кетип, үчкө бөлүнүп калган болчу. Расмий маалымат боюнча, учак кырсыгынан 3 адам каза болуп, 179 адам жабыркаган.

Булак: Баракелде