Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 111

Өзбекстандын аралаш күрөш искусство ассоциациясы IMMAF'дин (аралаш күрөш искусствосунун эл аралык федерациясы) курамына кабыл алынды.

Өзбек президентинин кичүү кызы Шахноза Мирзиёеванын күйөөсү Отабек Умаров ММАнын Борбордук Азия конфедерациясынын башчысы болуп дайындалды.

Кечээ, 9-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында аралаш күрөш искусствосунун эл аралык федерациясынын кеңешинин жылдык ишине арналган маалымат жыйын болуп өткөн. Анын алкагында ММАнын Борбордук Азия конфедерациясы түзүлүп, Отабек Умаров жетекчи болуп дайындалды. Ал эми Искандер Карим менен Валихан Тен вице-президент болду.

Конфедерациянын штаб-квартирасы Өзбекстанда жайгашты. Учурда Отабек Умаров — Аралаш күрөш искусствосу ассоциациясынын президенти. Мындан тышкары Өзбекстандын президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары жана Өзбекстандын триатлон федерациясынын төрагасы болуп эмгектенип келет.

Булак: Баракелде