Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, 9-февралда өлкөдө 97 адам вирустан улам жашоо менен кош айтышкан.

Анын 91и оорунун очогу болгон Хубэй провинциясында катталды. Жалпысынан вирустан каза тапкандардын саны 908ге жетти.

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 40 171 деп айтылууда. Ал эми башка 24 мамлекетте ооруга чалдыккан адамдар аныкталды, бир кишинин өлүмү катталды. Гонконг, Макао жана Тайванда оору жуккан 64 жаңы учур катталган.

9-февраль күнү Жапониянын батыш жээгиндеги круиз лайнердин жүргүнчүсү - Украин жаранынан вирус табылып, ооруканага жаткырылган. Ошондой эле лайнердеги дагы жетимиш киши вирус жуктурган деп шектелүүдө, алар өз каюталарына изоляцияланган.

Бул аралыкта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайда кырдаал турукташа баштаганын кабарлады. Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш мында Кытай бийлигинин салымы чоң деп баалады:

"Кытай илдетти көзөмөлдөө жана ооздуктоо үчүн болгон аракетин көрүп жатканы анык. Менимче, жакшы аракеттенишүүдө. Кытайлыктар өздөрү масштаб чоң болгондуктан, айрым мүчүлүштүктөр жана маселелер бар экенин, аларды чечүү керектигин моюнга алып жатышат".

Кытай бийлиги ооруга каршы өз алдынча аракеттенгени дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылган. Илдет тууралуу маалымдап чыккан 34 жаштагы дарыгер өзү да 7-февраль күнү вирустан улам көз жумду.

Булак: Азаттык