Дүйнө жүзү боюнча коронавирус дартын жуктургандардын саны 37 миң адамга жетти.
Анын ичинен 6,1 миң адамдын абалы оор, деп жазды «РБК».
Бул дартты жуктургандардын ичинен 2649 адам айыккан. Дагы 29 миң адам коронавируска шектелип ооруканаларда жатат.
Коронавирустан кзаа болгон 811 адам Кытайдын жашоочулары. Анын ичинен 780 адам Хубэй провинциясында. Ухань шаарында болсо 63 адам көз жумуп, жаңы 1,3 миң учур катталган. Бул жердеги ооруканада чет өлкөнүн жараны каза болгон учур да катталды. Алар Америка менен Япониянын жарандары.
Булак: Баракелде