Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун Кордай районундагы абал боюнча билдирүү жасады.
Билдирүүдө: «Урматтуу казакстандыктар!
Бүгүн түндө Жамбыл облусунун Кордай районундагы айрым айылдарда жашоочулардын ортосунда мушташ чыкты. Чагымчылдар бул абалдан пайдаланып калууга аракет жасашты. Тилекке каршы каза болгондор бар. Каза болгон жарандардын жакындарына жана туугандарыма чын жүрөктөн көңүл айтам. Жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүнү каалайм.
Учурда абал полициянын жана Улуттук гвардиянын көзөмөлүндө. Олуттуу окуянын кесепеттерин жоюу үчүн мамлекеттик органдар ыкчам чара көрүшү керек. Буга байланыштуу төмөнкү тапшырмаларды берем.
Биринчи — Кордай районундагы окуянын кесепеттерин жоюу үчүн премьер-министрдин орун басары Сапарбаев Бердибек Машбековичтин жетекчилигинде өкмөттүк комиссия түзүү. Алгач жаңжалдын негизги себебин аныктоо керек. Өкмөттүк комиссия Жамбыл облусунун акими менен бирге маркумдарды акыркы сапарга узатуу иш-чарасын уюштуруп, келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктап, жабыркандардын жеке менчик мүлкүн калыбына келтирүү боюнча план иштеп чыгышы зарыл. Каза болгондордун жана жабыркагадардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү жардам көрсөтүү керек.
Учурда калкты тынчтандыруу маанилүү. Бул ишке Казакстандын элдик ассамблеясын, ошондой эле аталган аймактагы беделдүү адамдарды тартуу абзел.
Экинчи — башкы прокурор окуяны иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алып, ведомстволор аралык ыкчам тергөө тобун түзүшү керек. Күнөөлүүлөр катуу жазага тартылсын.
Үчүнчү — Улуттук коопсуздук комитети, Башкы прокуратура тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп, улуттар аралык жаңжалга үндөгөн тараптарды, чагымчыл билдирүү жана жалган маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартышы керек», - деп айтылат.
Жаңжалдын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандардын саны тууралуу расмий маалымат жок. Социалдык тармактарга тараган маалымат боюнча, 60га жакын адам жабыркап, ооруканага түштү.
Буга чейин Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланганы тууралуу маалымат тараган. Мессенжерлерге тараган билдирүүлөр боюнча, жаңжал улуттар ортосунда чыккан.
Масанчи айылы Кыргызстандын чек арасынын аймагында жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат.
Булак: Баракелде