Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кордай районундагы жаңжал боюнча билдирүү таратты.

Президент Twitter'деги баракчасына: «Жамбыл облусунун Кордай районунда бейбаштыктан улам топтор арасында мушташ чыккан. Бул учурду чагымчылдар колдонуп калуу аракетин көрүштү. Полиция абалды жөнгө салып, кырдаал көзөмөлгө алынды. Коомдук тартипти бузгандар жоопкерчиликке тартылат», - деп жазды.

Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланганы тууралуу маалымат тараган. Мессенжерлерге тараган билдирүүлөр боюнча, жаңжал улуттар ортосунда чыккан.

Жамбыл облустук полиция департаменти жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенип, ушак жана жалган билдирүү таратуудан алыс болууга чакырды.

Масанчи айылы Кыргызстандын чек арасынын аймагында жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат. Буга байланыштуу кыргызстандык чек арачылар чек араны күчөтүлгөн тартипке кайтарып жатышат.

Булак: Баракелде