Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

Коронавирустан сутка ичинде 86 адам каза болду. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссия 7-февралга алынган маалыматты таратты.

Ага ылайык, жалпысынан 724 адам көз жумса, 34 миң 871 адам вирусту жуктуруп алышты. Муну менен бир суткада ооругандардын саны 3 миң 399 адамга, каза болгогндордун саны 86га өстү.

Каза болгондордун 81и Хубэй провинциясында катталса, Хэйлунцзян провинциясында 2, Пекинде 1, Хэнанда 1, Ганьсуда 1 өлүм катталды.

Ошондой эле 4 миң 214 адам коронавирусту жуктуруп алган болушу мүмкүн деген шек менен ооруканага кайрылышты.

Булак: super.kg