Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 147

Түркиянын Стамбул шаарында Сабихи Гёкчен атындагы аэропортто учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти.

Бул тууралуу «CNN Turk» басылмасы билдирди. «Boeing 737-800» учагы Измирден Стамбулга учуп барган. Учак жерге конгондон кийин учуп-конуу тилкесинен чыгып, 3 бөлүккө бөлүнүп калган. Анын кесепетинен учактан өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан дароо өчүрүлгөн.
Стамбулдун губернатору Али Ерликайя жабыркаган адамдардын саны 157ге жеткенин билдирди.
Анын айтымында, учак туруксуз аба ырайынан улам жерге катуу урунган.

Булак: Баракелде