Коронавирус чыккан Ухань шаарында өтө тездик менен оорукананын жаңы имараты курулду.

Ал атайын коронавирус дартын жуктургандар үчүн курулуп баштаган болчу.

Имарат 1 миң орунга ылайыкталып, 10 күндүн ичинде даяр болду. Аны бүгүн, 3-февралда ишке беришти. Андагы бейтаптарды провинциялардан чогулган 1,4 миң дарыгер көзөмөлгө алышат.