Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 203

Кыргызстанда жумушсуздардын саны канча экени боюнча маалыматтарды угуп, билип калабыз.

Жумушсуздук маселеси дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү негизги көйгөйлөрдөн экендиги белгилүү. 

Жакында БУУнун Эл аралык эмгек уюму (МОТ) дүйнөдө канча адам жумушсуз экенин билдирди. Уюмдун маалыматына ишенсек, учурда дүйнө боюнча 470 млн. адам жумушсуз же туруктуу жумуш орундары жоктор. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн төмөндөөсү менен жумушу жоктордун саны арта бериши ыктымал экен. 2019-жылга карата 630 млн. адам күнүнө 3,2 доллар маяна алып, жакырчылыкта күн кечириптир. Ошондой эле уюмдун докладында дүйнө боюнча иштеп жаткан адамдардын  60 %дан ашыгы кылган эмгек, мээнеттерине ылайыктуу  маяна алышпай тургандыгы айтылды. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы