Филиппинде коронавирус дартынын кесепетинен 44 жаштагы эркек адам каза болду.
Бул Кытайдын аймагынан тышкары аталган илдеттен адам көз жумган биринчи учур экенин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.
Маалыматка караганда, маркум Ухань шаарынан барган. Филиппинде эки адамда коронавирус тастыкталган, алардын бири 44 жаштагы эркек киши болчу. Ал 1-февралда көз жумган.
2019-жылдын аягында Кытайдын бийлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна Ухань шаарында белгисиз вирус тараганын билдирген. Адистер бул вирусту 2019-nCoV деп аташкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 14 миң 380 адамга жетип, 304 адам каза болду. Ошондой эле эле бул вирусту жуктурган 328 адам ооруканадан чыгарылды.
Булак: Баракелде