Эми Улуу Британия Европа биримдигинин мүчөсү эмес.
Расмий билдирүү 1-февралда болду. Буга карата чечим 3,5 жыл мурунку референдумда кабыл алынган болчу. Биримдиктен расмий чыгууга 1 сааттай убакыт калганда премьер-министр Борис Жонсон элге кайрылган.
«Биз чындап биригип, деңгээлибизди көтөрө турган убакыт келди», - деди ал.
Улуу Британия бул биримдикке 47 жыл бою мүчө болгон. Эми 11 айдай убакыт жаңы абалга көнүшүүгө жумшалат.
Булак: Баракелде