Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 172

Орусияда коронавируска чалдыккан эки киши катталды.

Алар кытай жарандары. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

Маалыматка караганда, бирөөсү Забайкальеде, экинчиси Тюменде катталган. Экөө тең карантинге алынды.

Эске салсак, 30-январда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Учурда коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (23 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 1-февралга карата 259 адам каза болсо, дагы 11 миң 822 киши илдетти жуктурганы маалымдалды.

Булак: Маралфм