Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 99

Орусиядагы Орловка облусунда заводдо жарылуу катталып, кесептинде 5 адам каза болду.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Орловка облусунун Мценск шаарындагы курулуп жаткан заводдо жарылуу катталган. Алгач 4 адамдын кайтыш болгону айтылган болчу. Кийинчерээк алардын саны 5ке жеткени маалымдалды.

Кырсык учурунда Түркиянын 3 кызматкери жаракат алган, андан сырткары, 1 жараны каза болгон.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, жарылууга жумуш учурундагы талаптын бузулушу себеп болгон.

Булак: Маралфм