Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын ээлеген Дмитрий Медведевдин айлык акысы 618,7 миң рублди (9700 доллар — 677 миң 545 сом) түзөт.
Тийиштүү документ расмий укуктук маалымат интернет-порталында жарыяланды.
Эсептөөлөр боюнча, Медведев премьер-министр болуп турганда дагы ай сайын 618,7 миң рубль эмгек акы алчу.
15-январда Дмитрий Медведев президенттин Федералдык чогулушка жолдогон кайрылуусунан кийин өкмөт толук курамы менен отставкага кете турганын жарыялаган. Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнө бирдиктүү иш үчүн ыраазычылык билдирген.
Путин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын түзүүнү жана бул кызматты Медведевге сунуштоону көздөп жатканын айткан. Ал эми жаңы премьер-министр болуп Федералдык салык кызматынын мурунку башчысы Михаил Мишустин дайындалган.
Булак: Баракелде