Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 116

Өзбекстан Евразиялык Экономикалы биримдигине байкоочу өлкө болушу мүмкүн.

 

Бул тууралуу Өзбекстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы сенатор Кудратулла Рафиков «Интерфакс» агенттигине билдирген.«Эгер Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу катары кирсе биримдиктин ички түзүлүшүн көрүп, үйрөнүүгө шарт түзүлмөк», – деди Рафиков.Мындан тышкары, ЕАЭБ Өзбекстанга жаңы базарды ачып бере тургандыгын кошумчалады.Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 24-январда парламентте кайрылуу жасап, ЕАЭБ менен кызматташуу маселесин тыкыр изилдеп чыгууга чакырган.Бүгүнкү күндө ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчө.

Булак: Elgezit.kg