Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 110

Европарламент көпчүлүк добуш менен Британиянын Евробиримдиктен чыгышы жөнүндөгү келишимди колдоду.

Документке 621 депутат макул, 49у каршы болуп, 13ү добуш берүүдөн карманды. Келишимди Европа Кеңеши 30-январда бекитери күтүлүүдө.

Добуш берүүдөн кийин депутаттар өйдө туруп, шотландиялык салттуу "Auld Lang Syne" ырын аткарышты. Адатта бул ажырашууга мезгил келгенде ырдала турган чыгарма. Парламенттин айрым мүчөлөрү эмоцияларын жашыра алган жок.

Улуу Британия Брекзит боюнча референдумдан үч жыл өткөндөн кийин Евробиримдиктин курамынан чыгууда. Британ парламенти ЕБ менен түзүлгөн келишимге макул болбой, альянстан чыгуу датасы үч жолу жылдырылган. Былтыр премьер-министр болгон Борис Жонсон Евробиримдик менен жаңы келишим түзүп, британ парламентинде мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүп, жеңишке жеткен. Учурда өкүлдөр палатасында консерваторлор көпчүлүк добушка ээ жана мыйзам долбоорун тоскоолдуксуз колдоп беришти.

Улуу Британия Евробиримдиктин курамынан 31-январда чыгат.

Булак: Азаттык