Бишкек, “Саясат. kg”. Капчык жана ичимдик уурдаган.

 

Кыргызстандан барган турист Анталиянын Манавгат шаарындагы пляждардын бириндеги бардан  ноутбук, капчык жана ичимдик уурдап кеткен. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда,  Н.Т., аттуу кыргызстандык жарандын жасаганы  камерага түшүп калган. Ал эки жагын байкаштырып, жанында эч ким жоктугуна көзү жеткенден кийин уурулукка барганы да видеого тартылган.

 

Аны  полиция кызматкерлери аэропорттон колго түшүргөн.