Дональд Трамп АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигрант өлкөдөн чыгарыла турганын билдирди.
Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды.
«Депортация иштери кийинки жумада башталат. Алар Америкага кандай кирсе, ошондой ылдамдык менен чыгарылат. Алардын арасында бүтүндөй үй-бүлөлөр, алардын балдары дагы бар», — деп жазды Трамп.
Next week ICE will begin the process of removing the millions of illegal aliens who have illicitly found their way into the United States. They will be removed as fast as they come in. Mexico, using their strong immigration laws, is doing a very good job of stopping people.......
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) 18 июня 2019 г.
Маалыматтарга караганда, бул аракет көбүнчө федералдык соттор тарабынан өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирилген, бирок бул талапты аткарбаган адамдарга багытталат.
Адатта Кошмо Штаттардын Иммиграциялык-бажы кызматы (ICE) мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чочутуп албаш үчүн, алдыдагы рейддери тууралуу маалыматтарды жашыруун кармайт.
Бүгүн Орландодо өтө турган митингде Дональд Трамп кайрадан президент болуп шайлануу боюнча өнөктүгүн расмий түрдө баштайт. Анда көтөрүлө турган негизги темалардын бири иммиграция болот деп күтүлүүдө.