Бишкек, "Саясат. kg". Куудул президент болсо деле куудулдугун кое элек.
Украинанын президенти Владимир Зеленский фонтанды аралап чуркаганы видеого тартылып, интернетке жарыяланды.
Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Мариупол шаарындагы театралдык аянтта сүйлөп бүткөндөн кийин элдин курчоосунда калган. Мындан улам фонтандын ары жагында турган автоунаасына чачырап жаткан сууну аралап чуркоого туура келген.
Эске салсак, Зеленский президенттик тактыга келгенине бир айдан ашуун убакыт болду.