Бишкек, “Саясат. kg”. Ростов облусундагы Чистоозерный шаарчасында жети батир өрткө тушугуп, анын арасынан экөө катуу жабыркады.
Бул тууралуу ТАСС жазууда.
Анда айтылгандай, экинчи кабатта жайгашкан эки батир толугу менен өрттөнүп кеткен. Дагы беш батир жарым-жартылай өрттөнгөн.
Ленин көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдөгү жарылуу боюнча кабар жекшемби күнү саат 00:30да келип түшкөн.
Имараттын 50 чарчы метр чатыры кулаган. ӨКМнын маалыматына караганда, кырсыктан эки адам каза тапкан, анын бири жаш бала. Дагы эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген.