Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 173

Бишкек, “Саясат. kg”. Тель-Авивде «Евровидение-2019» эл аралык сынагы кечээ, 13-майда башталды.

 

Ага 41 улуттук делегация катышууда. Келгендер  шаар борборундагы Габим театрынын жанындагы аянтта «кызгыл сары жол» менен басышты.

 

Сынактын жарым финалы шаардын Көргөзмө борборунда 14-16-майда өтөт, финал да ушул эле жерде 18-майда болот.

 

Сынак өткөрүлүп жаткан учурда Тель-Авивде коопсуздуктун жогорулатылган чаралары каралды. Шаарды жума бою 20 миң полиция кызматкерлери көзөмөлгө алышат. Сынактын бардык салтанаттарына курал менен кирүүгө болбойт.

 

Эске салсак, “Евровидение-2019” ыр сынагы 64-жолу болууда. Өткөн жылы Лиссабондо өткөн. Анда Нетта Барзилай жеңүүчү болгондуктан бул жылы сынак Тель-Авивде өтүүдө.