Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, эки экипаж мүчөсү каза болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

 

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрель күнү саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгуу учууларын аткарган жеңил учак конуп жаткан маалда кырсыкка кабылган.

 

Учурда өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө иштерин баштады.