23 кишиден турган Саидовдордун үй-бүлөсү өткөн жылдын жаз айларынан бери Душанбенин борборунда колго жасалган чатырда жашап келет.
Алдамчылардын айынан алар үйүнөн жана төрт батиринен ажырап калышкан.
Үй-бүлө башчысы Махмурод Саидовдун айтымында, аялынын алыс туугандары алардын үйүнүн жана балдарына таандык төрт батирдин жоголуп кеткен документтерин таап алып, бул мүлктөрдүн чыныгы ээлеринин аты-жөнүн өзгөртүп, банкка күрөөгө коюшкан.
«Турак-жайлардын бизге таандык эмес экенин банк кызматкерлери келгенде билдик. Алар насыя төлөнбөгөнүн айтып, бизди үйдөн чыгарууга келишиптир. Азыр үй-бүлөм менен тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, мурдагы үйүбүздүн жанына тигилген чатырда жашоого мажбур болуп жатабыз», — деди Махмурод.
Анын жубайынын айтымында, чатыр экиге бөлүнүп, бир бөлүгүндө эркектер, экинчисинде аялдар жашайт. «Эркектер жашаган жеринде меш жок, алар сырткы кийимдерин чечпестен укташат. Биз жакта жылуураак, кичинекей меш, үстөл жана отургучтар бар. Ошол жерде балдарга тамак берип, кир жууйбуз. Кышкысын өтө суук болгон күндөрү балдарды төшөккө ороп коёбуз», — деди ал.
Душанбенин Шохмансур райондук прокуратурасынан бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Азырынча тергөөнүн качан аяктап, соттук териштирүүлөрдүн канчага созулары белгисиз. Ошол эле маалда Саидовдордун үй-бүлөсү мурдагы мүлктөрүн кайра ала алаар-албасы боюнча дагы эч кандай кепилдик жок.