12 жыл мурда Куляб шаарынын Сайдали Вализода маалесинде курулган мектеп имараты четинен урай баштады.
Ал Дүйнөлүк банктын каражатына – 500 миң сомониге салынган.
Айрым мугалимдердин айтымында, мектеп салынгандан кийин үч жылдан кийин эле дубалдардан жараңка кете баштаган. Ошондон кийин ал жакта балдар билим албай калган.
Латифамох Назарова авариялык абалдан улам балдарды үйүндө окуткан учурлар болгонун дагы айтты.
Мындан кийин жергиликтүү ишкер бул жердин жанына башталгыч класстар үчүн мектеп курган. Учурда окуучулар ошол жакта окушат.
Авариялык абалга кептелген имарат болсо балдар ойной турган жерге айланган. Маале тургундары алардын коопсуздугунан чочулашат, себеби мектептин дубалдары урап калышы мүмкүн.
Сайдали Вализода маалесинде 500дөй үй-бүлө жашайт. Жергиликтүү балдар башталгыч класстарда гана окушуп, андан кийин алыс жайгашкан аймактагы мектептерге барышат. Чөлкөмдүн жашоочулар бул жерге толук кандуу орто мектеп курууну талап кылып келишет.