Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 367

БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктары боюнча комитети Казакстанга ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнүн укуктарын коргой турган мыйзам кабыл алуу кеңешин берди.

 

Бул мыйзам кемсинтүүнүн бардык түрүн чектеп, сексуалдык жана гендердик өзгөчөлүгүнө карата басмырлоого тыюу салууга тийиш.

 

БУУнун Астанадагы өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өлкөдө кемсинтүүнүн бардык түрүнө тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды. Бирок ал парламентке жөнөтүлө элек.

 

Жарандык активист жана “Феминита” демилгечил тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлзада Сержандын айтымында, Казакстанда ЛГБТ өкүлдөрү көбүнчө медициналык мекемелерде жана полиция бөлүмдөрүндө кемсинтүүлөргө дуушар болушат.

 

Мындай мыйзам бузуулар тууралуу коомдук активист БУУнун адам укуктары жөнүндөгү 40-сессиясында да айткан. Казакстан делегациясынын расмий өкүлү Тастемир Абишевдин билдиришинче, ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү атайын мекемелерге каршы арызданышы керек.

 

Бирок Казакстанда арызданмак тургай, укуктарын коргоо боюнча коомдук уюм түзүү дагы кыйын. Маселен, мамлекет “Феминита” тобун каттоодон үч жолу баш тарткан.

 

БУУнун комитети Казакстанда гендердик жана сексуалдык өзгөчөлүгүнө карата кемсинтүүгө тыюу салган мыйзамдардын жоктугуна кабатыр. Мунун кесепетинен жумушка орношуу кыйын, медициналык жана билим берүү мекемелерине кайрылуу учурунда басмырланган учурлар арбын. Мындан тышкары комитетти лесбияндар, кумсалар, бисексуалдар менен транссексуалдарды куугунтуктоого каршы мыйзамдын жоктугу тынчсыздандырат.