Бишкек, “Саясат. kg”. Ал студент болуп чыкты.

 

Москванын жанындагы шаар Орехово-Зуеводо 17 жаштагы студент Николай Шакиров кармалды. Ал кыргызстандык мигрантты өлтүрүүгө жана анын жанындагы мекендешине оор залал келтирүүгө шектелип жатат.

 

Бул тууралуу жергиликтүү каналдардан айтылды.

 

Маалыматка караганда, Николай Шакиров карапайым жигит, апасы менен чогуу жашап, аталган шаардагы коллежде билим алчу. Бирок, кайсы бир убакта анын башында өзгөрүүлөр пайда болуп, адам өлтүрүүгө бара баштаган. 22-январда полиция анын биринчи курмандыгынын сөөгүн тапкан, ал – Кыргызстандын 28 жаштагы жараны денесине бир нече ирет урулган бычактан каза тапкан.

 

Февраль айында кылмыш улана берген. 9-февраль кечинде Шакиров Гольяново районунда дагы бир кыргызстандыкка кол салган. Тилекке жараша, маньяктын экинчи курмандыгын сактап калууга болгон, ал көп кан кетирген бирок, ооруканага жеткирилип аман калган.

 

Арадан төрт күн өткөндөн кийин 13-февралда Шакиров дагы бир кол салуу жасаган, бул жолу да Кыргызстандын жаранына. Бул жолку кол салууга кабылган жигит да тирүү калган.

 

Кол салуулар сериясы полициянын көңүлүн буруп, иликтөө иштери башталган. 15-февралда Шакиров Москвадагы “Серп и Молот” платформасында кармалган. Ал кылмышын моюнуна алган.