Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты.
Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон.
Маалымат каражаттары мушташка 10го чукул адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты.
Орусиянын Тергөө комитети окуя учурунда тартылып алынган видеону жарыялады:
Өткөн жуманын ортосунда Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта да ок атылып, үч киши жаракат алган. Анда 15 киши кармалганы кабарланды.