Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 206

Бишкек, «Саясат. kg». Бошотулгандардын арасында өзбекстандыктар да бар.

 

Стамбулдун жети районуна жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында, сексуалдык кулчулуктан Кыргызстандын жана Өзбекстандын 35 жараны бошотулду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда, операция учурунда 85 жаран кармалган, анын 35и  чет өлкөлүктөр, башкача айтканда Кыргызстан жана Өзбекстандан келген кыздар болуп чыгышкан. Кармалгандардын баары коомдук коопсуздук бөлүмүнө жеткирилген.

 

Анда жазылгандай, сексуалдык кулчулукка кабылган кыздар иш берүүчүлөр менен соцтармактарда таанышып, сүйүү каттарын жазышышкан. Андан кийин аларды Түркияга иштеп кетүүгө чакырышкан. Кыздар келишкенден кийин сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.