Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 164

Бухара облусунда жергиликтүү бийлик математика боюнча эл аралык олимпиадалардын көп жолку жеңүүчүсү, 9-класстын окуучусу Дониер Исмоиловдун үй-бүлөсүнө там салып берди.

Учурда курулушчулар үйдүн ички жасалгалары менен алектенүүдө.

 

Былтыр жергиликтүү басылмалар Дониер Исмаиловдун апасы кара сарык менен ооруп жатканы, атасынын туруктуу жумушу жок экенин кабарлашкан. Үй-бүлөдөгү каржы маселелеринен улам өспүрүм окуусун уланта албай калган.

 

Кийинчерээк Бухара облусунун башчысы Уктам Барноев окуучунун үй-бүлөсүн кабыл алып, үй салып берерин билдирген.

 

Элдик билим берүү башкармалагы Дониер Исмаиловго ноутбук белек кылууну, Өзбекстан Жаштар биримдиги ал үчүн жеке китепкана уюштурууну убада кылган.