Бишкек, "Саясат. kg". Үйдүн ураганы көзөмөл видеосуна түшүп калган.
Видеодон алты кабаттуу үй бир нече секунд аралыгында эле урап калганын көрүүгө болот. Жанынан өүп бараткандар жана үйдүн жашоочулары акыркы секунддарда качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Акыркы маалыматтарга караганда, Малтепе районундагы ураган үйдө эки адам каза тапкан. Дагы бир нече адамдар урандынын алдында калышы мүмкүндүгүн жергиликтүү басылмалар жазып жатышат. Окуя болгон жерде тийиштүү кызматтардын кызматкерлери иштешүүдө.