Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 142

Бишкек, "Саясат. kg". Жардыруудан кийин кармалган мигранттардын арасында кыргызстандык да бар. 

 

Кыргызстандын 29 жаштагы тургуну Хусниддин Зайнобиддинов Магнитогорсктогу жардыруудан кийин көптөгөн мигранттар менен бирге кармалды. Анын жубайы Халимахон Зайнобиддинова "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына күйөөсүн кылмышты моюнуна алдыруу үчүн уруп-сабашканын айткан. 

 

УКМКнын түштүк кызматы Зайнобиддиновдун эл аралык издөөдө жүргөнүн тастыктады. Ал Кыргызстандан сегиз жыл мурун чыгып кеткен жана 2010-жылдагы июнь окуясында улуттар аралык кагылышууну күчөткөн деп айыпталган. 

 

Учурда ал Магнитогорсктогу тергөө изоляторунда кармалуужа. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ал Кыргызстанга экстрадицияланышы мүмкүн. 

 

Аталган шаардын Карл Маркс проспектисинде жайгашкан үйдө өткөн жылдын 31-декабрында жарылуу болгон. Андан отуз тогуз адам каза тапкан.