Бишкек, “Саясат. kg”. Казакстанда жаңы “мыйзам”.
Казакстанда белгилүү адвокат Абзал Куспан чет өлкөлүктөргө кайрылып, эгер казак кызына үйлөнгүлөрү келишсе, мамлекетке калың төлөшү керектигин эскертти.
“Казак кыздарына үйлөнгүңөр келеби, макул. Бирок, биринчи мамлекетке салык төлөгүлө!”, - деди ал.
Анын пикиринде, чет өлкөлүктөр казак кыздарына үйлөнүшүп, өз жерлерине алып кетишет да, мамлекетке бир гана демографиялык эмес, экономикалык көрсөтмө боюнча да зыян келтиришет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Ал башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан казак кыздарын улуттун келечегине кайдыгер карайт деп кодулады.
“Биз айтпасак ким айтат? Чече турган маселелер абдан көп. Түркмөнстанда 10 жылдан көп убакыттан бери кызын башка өлкөнүн жараны алса, 50 миң доллар төлөтүп келишет. А биздин кыздардын эмнеси алардан кем?” – деди адвокат.
Ал ошондой эле казак кыздарынын басымдуу бөлүгү жогорку билимдүү экенин белгилеген. Ошондуктан, алардын башка өлкөгө келин болуп кетиши Казакстандын экономикасына таасирдүү залалын тийгизет.