Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алматыда чабуулдарды жасоого шектелген адамдар кармалганын билдирди.
Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алматыда чабуулдарды жасоого шектелген адамдар кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө алардын борборазиялык экенин жазылып, бирок аты-жөнү жана кайсыл өлкөнүн жарандары экендиги көрсөтүлгөн эмес.
Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн убактылуу жашаган үйү тинтүүгө алынып, анда жардыруучу заттар, курал-жарак жана ок-дарылар табылган.
«Тергөөнүн версиясы боюнча кармалган адамдар «Ислам мамлекети» тобунун чет өлкөдөгү согушкерлеринин буйруктарын аткарып жүрүшкөн. Алар Алматыда адамдар көп топтолгон жерлерде чабуул жасоого даярданышкан», — деп жазылган билдирүүдө.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.