Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 401

Өзбекстандык мигрант Алан Абдуллаев куткаруучулар келгенге чейин Магнитогорск шаарында кыйраган турак жайдын алдынан 8 кишини аман алып чыкты.

 
Өзбекстандык мигрант Алан Абдуллаев куткаруучулар келгенге чейин Магнитогорск шаарында кыйраган турак жайдын алдынан 8 кишини аман алып чыкты. Оруссиялык басылмалар 23 жаштагы Аланды “чыныгы баатыр” деп аташууда.

 

Life.ru жазгандай, Мангитогорск шаарында курулушта иштеген Алан Абдуллаев 31 - декабрь күнү эртең менен намазга туруп, жарылуунун үнүн биринчилерден болуп уккан:

 

--Намаз окуганы тургам. Жарылуунун үнүн угуп, дароо кийиндим. Ал жерде кишилер туруптур - эч ким жологон жок. Балалуу аялды алып чыктым. Бирөөнү күтүп тургам, аты - Женя. Женя менен өрттөнүп жаткан жерге бардык. Ал жерден чоң энени аман алып чыктык. 20-25 мүнөттөн кийин куткаруучулар келди.

 

Алан азыркыга чейин трагедия болгон жерге ыктыярчы катары келип, куткаруучуларга жардам берүүдө.

 

31-декабрдын таңында Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө подьезд толугу менен урап түшкөн. Кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 35 батир толугу менен 10 батир жарым-жартылай бузулганын кабарлаган. Куткаруучулар урандылардын астынан 39 кишинин сөөгүн табышты. Кырсык болгон подъезде 110 адам катоодо турган.