Түркмөнстанда кышкы каникул маалында мектеп мугалимдери окуучуларды өз эсебинен экскурсияларга алып барып жатышат.

 

Түркмөнстанда кышкы каникул маалында мектеп мугалимдери окуучуларды өз эсебинен экскурсияларга алып барып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

 

Жергиликтүү мугалимдердин айтымдарында, мектеп жетекчилерине балдарды экскурсияга алып баруу тапшырмасын жогорку жактагылар беришкен.

«Өткөн жуманын аягында окуучуларды «Алем» көңүл ачуу паркына алып баруу үчүн автобус жалдагам. Бул үчүн айдоочуга 300 манат бердим», — деп билдирди борбордогу мектептердин биринин мугалими.

 

Анын айтымында, буга чейин мындай сапарлар үчүн ата-энелерден акча чогултулуп келген. Бирок акыркы кездери алардан акча акча алуу оор болуп калган.

 

Мындан тышкары мугалимдер сабактан кийин ар бири үч сааттан мектепте нөөмөттө турууга мажбур болуп жатышканын билдиришүүдө.

Мамлекеттик мекемелерде нөөмөттөрдү уюштурууну өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов декабрдын аягында тапшырган.