Өзбекстан Орусиядан акча которуу көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы билдирди.
Өзбекстан Орусиядан акча которуу көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылдын үч кварталынын ичинде Орусиядан башка өлкөлөргө 9 миллиард 800 миллион доллар жөнөтүлгөн. Алардын дээрлик 3 миллиард 50 миллион доллары Өзбекстанга кеткен.
Ошол эле маалда Тажикстанга 1 миллиард 900 миллион доллар, Кыргызстанга 1 миллиард 700 миллион доллар жана Казакстанга 500 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Буга чейин Өзбекстандын Борбордук банкы 2018-жылдын биринчи жарымында чет жактардан өлкөгө 2 миллиард 300 миллион доллар которулганын билдирген. Анда бул сумманын негизги бөлүгү Орусиядан, калганы Түркия, Казакстан, АКШ жана Түштүк Кореядан келгени айтылган.