Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 168

Эл аралык International Alert уюмунун Тажикстанда жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, эркектердин көбү аялдарын уруп-согуп, талак менен коркутуп “тарбиялаганды” жактайт.

 

 

Эл аралык International Alert уюмунун Тажикстанда жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, эркектердин көбү аялдарын уруп-согуп, талак менен коркутуп “тарбиялаганды” жактайт.

 

40 жаштагы Дилоромдун ар бир кадамы көзөмөлдө. Ал телефонун өчүрбөй, чалууларга ошол замат жооп берип, күйөөсүнүн уруксаты жок үйдөн чыкпашы керек:

 

– Бир жакка барып келүүнү суранганда күйөөм зорго уруксат берет, кечигип калсам, “мени алдап кеттиң, доктурга же ата-энеңдикине барбай, башка жакта жүрдүң” деп күнөөлөйт. Үйгө эрте келгенге ашыгам, бир жолу шашып атып, машиненин алдында калып кала жаздагам.

 

Дилором уруп-согуулардан эмес, ажырашуудан корко турганын кошумчалады.

 

Эл аралык уюмдун сурамжылоосуна катышкандардын 90% Дилором сыяктуу күйөөлөрүнөн сестене турганын билдиришкен. Аялдардын 39% дайыма коркуу сезимдери коштоп жүрөрүн белгилешкен.

 

Тажикстандагы сурмажылоого 15 жаштан 49 жашка чейинки 10 миңдей айылдык аял катышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында Тажикстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кеңири таралганы аныкталган.

 

Сурамжылоого катышкан аялдардын 30% күйөөлөрү тарабынан физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылганын айтышкан.

 

Эл аралык укук коргоочулар мындай абал балдардын депрессияга кабылышына түрткү болот деп тынчсызданышууда.