Казакстандан Орусиянын Екатеринбург шаарына бараткан автобус Свердловск облусунда жол кырсыгына учурап, бир киши жаракат алды.

 

 

Казакстандан Орусиянын Екатеринбург шаарына бараткан автобус Свердловск облусунда жол кырсыгына учурап, бир киши жаракат алды.

 

Мамлекеттик жол кыймыл коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгы кабарлагандай, жол кырсыгы 19-ноябрда Астана убактысы менен таңкы саат 9да Екатеринбург – Шадринск – Курган трассасына болгон. Айдоочу рулду башкара албай, жолдун жээгине кулаган. Салондо 17 жүргүнчү болгон.

1985-жылы туулган кыз жаракат алып, Белоярск райондук ооруканасына жеткирилген. Аймактык башкармалык авариянын себептери аныкталып жатканын билдирди.

 

17-ноябрда Орусиянын Саратов облусунда Казакстан менен Өзбекстан жарандары бараткан автобус темир жол поезди менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен салондо отурган беш адам – Өзбекстан жарандары мерт болгон. Казакстан жарандары – айдоочу менен анын жардамчысы ооруканага жеткирилген. Айдоочуга карата кылмыш иши козголгон.