Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Орусия жана Өзбекстан башчылары менен Сарыагаштагы бейформал жолугушуусу тууралуу Sputnik Kazakhstan агенттигинин жаңылыгы окурмандар үчүн бир нече убакытка жеткиликсиз болуп, тексти өзгөртүлгөндөн кийин кайра калыбына келтирилди.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Орусия жана Өзбекстан башчылары менен Сарыагаштагы бейформал жолугушуусу тууралуу Sputnik Kazakhstan агенттигинин жаңылыгы окурмандар үчүн бир нече убакытка жеткиликсиз болуп, тексти өзгөртүлгөндөн кийин кайра калыбына келтирилди.
Sputnik Kazakhstan агенттигинен жаңылыкка кирүү мүмкүндүгү редакция тарабынан чектелгенин билдиришип, бирок анын себептерин айтуудан баш тартышты. «Эмне себептен экенин айтпай коюуга укуктуубуз. Шилтеме бир мүнөттөн кийин иштеп калат. Анда башка видео болот. Ошол эле жыйында тартылган, бирок башкачараак», — деди өзүн агенттиктин редактору Полина Рабенова деп тааныштырган кызматкер.
Жаңылыктын жаңы версиясында «Азия —Европа» саммитине (АСЕМ) катышып келген Назарбаевдин Брюсселден Орусия президенти Владимир Путинге «чоң салам» айтышкандыгы тууралуу сөздөрү алынып салынган. Мындан тышкары «Макрондун сүйлөшкүсү келет — Назарбаевдин Путин жана Мирзиёев менен бейформал жолугушуусу» деп аталган видеого дагы өзгөртүүлөр киргизилген. 40 секунддук видеонун жаңы версиясында саясатчылар Өзбекстанда өткөн аймактык кызматташтык форумун талкуулап жатышканы гана көрсөтүлгөн.
Азырынча Назарбаевдин Брюсселден саясатчылар «салам айткандыгы» тууралуу видеосу агенттиктин жана «Россия 24» телеканалынын YouTube каналында гана жеткиликтүү. Анда Назарбаев «Силерге Брюсселден чоң салам айтышты» дейт. Путин «Ооба, мен дагы сизден ушул тууралуу сурайын деп атка», деп жооп берет. Андан соң Назарбаев: «[Еврокомиссиянын төрагасы] Юнкер сизге салам айтты. [Франциянын президенти] Макрон Франция дайыма салттуу түрдө Орусия менен болгонун жана боло турганын айтты. Кыскасы ал сүйлөшүүнү каалайт», дейт. Буга Путин: «Биз да ошону каалайбыз» жооп берет.
Казакстан, Өзбекстан жана Орусия президенттеринин расмий сайттарында 20-октябрда Сарыагашта өткөн бейформал жолугушууда лидерлер соода-экономикалык жана маданий-гуманитарык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулаганы жазылган.