Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 185

Иракта жетим калган 8 айлык Абдуллонун туугандары аны мекенине алып келүү өтүнүчү менен тажик бийлигине кайрылышты.

 

 

Иракта жетим калган 8 айлык Абдуллонун туугандары аны мекенине алып келүү өтүнүчү менен тажик бийлигине кайрылышты.

 

Баланын ата-энеси бир нече жыл мурун Иракка чыгып кеткен, бирок атасы Одил Хаттулоев куралдуу тирешүү маалында өлтүрүлгөн, апасы Сафаргүл Набиева терроризм айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

 

Багдад соту 19-сентябрда Сафаргүл Набиева менен кошо дагы 8 тажик аялга “Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешеси бар деген айып таккан. Алардын айрымдарына 20 жыл жаза мөөнөтү берилсе, айрымдары өмүр бою түрмөгө кесилген.

 

Тажик өкмөтүндөгү өз булак билдиргендей, соттолгон ар бир аялдын бирден үчкө чейин баласы бар. Баардыгы болуп 24 наристе оор тагдырга туш болду. Алардын эң кичүүсү 8 ай, улуусу 7 жашта. Балдар учурда апалары менен бирге, бирок аялдардын каалоосу жана бийликтин суроосу менен аларды мекенине кайтарса болот.​

 

Сафаргүл Набиеванын апасы Сафар Аралова кызы күйөөсүнүн курамандыгы болуп калды деп эсептейт жана бийликтен бул ишке кийлигишүүнү сурайт. Сафаргүл 2015-жылы турмушка чыгып, үч айдан кийин күйөөсү менен бирге Орусияга иштөөгө кеткен. Ошондон бери кызынан кабар ала алган эмес.

 

Учурда Сафаргүлдүн туугандары бийликке кайрылып, 8 айлык Абдуллону Тажикстанга кайтарууну суроодо.